Дистанттык билим берүү: окуучулар бир жумада канча күн окушу керек

Кыргызстанда мектеп окуучулары коронавирус пандемиясы жана өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаал, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимдерине байланыштуу IV чейректи үйдөн окууга аргасыз болууда.
Sputnik

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Дистанттык билим берүү маалында окуучулар канча күн окушу керектигин билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова түшүндүрдү.

Sputnik Кыргызстан редакциясына бир нече ата-эне дистанттык сабак берүүлөр бир аптада канча күн болорун тактап берүүбүздү өтүнүп кайрылган.

“1-4-класстын окуучулары аптасына беш күндөн окушат. Ал эми жогорку класстарга алты күндүк расписание коюлган. Анткен менен айрым учурда кенже класстарга дагы ишемби күндөрү сабактар берилип жатат. Бирок бул негизги окуу программасынан эмес, сабактан тышкаркы окуу же мультфильм сыяктуу баладан көп күчтү талап кылбаган берүүлөр”, — деди Жусупбекова.

Кайсы аптада алтынчы күнү дагы берүүлөр болорун ата-энелер класс жетекчиден тактап алуусу керек.

Ал эми бүтүрүүчү класстар үчүн ишемби күндөрү көбүнесе республикалык тестирлөөгө даярдоочу сабактар берилип жатканы кошумчаланды.

Интернети жок окуучулар үйдөн кантип окушат? Министрликтин жообу
Эске салсак, Кыргызстанда мектеп окуучулары коронавирус пандемиясы жана өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаал, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимдерине байланыштуу IV чейректи үйдөн окууга аргасыз болууда.

Эгер дистанттык окутууда кандайдыр бир көйгөй жаралса, кеңеш суроо үчүн ыкчам байланыш номерлери бар. Алар: 0550-512-075, 0550-801-026, 0550-368-784, 0550-513-385, 0557-442-355 жана 8569 кыска номери.

Ал эми дистанттык окуу маалында сабактар канча мүнөткө созуларын, баа берүү, үй тапшырма аткаруунун жол-жобосун Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан көрсөңүз болот.