Новосибирск: аэропортто түнөгөн мигранттар Кыргызстанга азыр кайта албайт

Март айынан бери 132 кыргызстандык Новосибирскиден Бишкек жана Ош шаарына уча албай, аэропортто күн көргөн учурлар болгон. Кийин аларды убактылуу жайгаштыруу маселеси чечилген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Россиянын Новосибирск облусунан мекенине келе албай жаткан кыргызстандыктарга убактылуу ошол жакта болуп туруу сунушталып, хостелдерге жайгаштырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирдишти.

Новосибирскиден уча албай калган 132 кыргызстандык мейманканага жайгаштырылды
Эске салсак, март айынан бери 132 кыргызстандык Новосибирскиден Бишкек жана Ош шаарына уча албай, аэропортто күн көргөн учурлары дагы болгон. Кийин аларды убактылуу жайгаштыруу маселеси чечилген.

Маалыматка караганда, аларды алып келүү үчүн 11-апрелде S7 авиакомпаниясынын учагы Новосибирск — Бишкек — Новосибирск багытындагы чартердик каттамды аткармак. Бирок ал дагы токтотулган.

Новосибирскидеги башкы консул Калдарали Маматалиевдин жарандарга түшүндүргөнүнө караганда, буга “Кыргызстандагы коронавируска байланышкан кырдаалга ылайык жакын арада мекенге авиакаттамдар болбой турганы” себеп болгон.

“Консулдуктун кызматкерлери Новосибирск облусундагы диаспоранын активдүү мүчөлөрү менен биргеликте Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы миссиясынын каржылоосунун негизинде кыргызстандыктарды хостелдерге жайгаштыруу жана тамак-аш менен камсыздоо маселеси чечилди”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда дагы 42 кишиден коронавирус чыкты
Алардын арасынан медициналык кароого муктаж болгон төрт жаран кыргызстандык ишкер ээлик кылган медициналык борбордон текшерүүдөн өткөнү айтылды.

Консулдук Кыргызстан жарандарын Россия бийлиги киргизген медициналык жана санитардык эрежелерди бекем сактоого жана эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин Кыргызстанга барбай турууга чакырат.

Министрликтен Башкы консулдук Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин курамында күн-түнү иш жүргүзүп жатканын билдирди. Керектүү консультацияларды +79607812324 телефон номери жана konsulsib.kg@mail.ru электрондук дареги аркылуу алууга болот.