БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Чет өлкөдө калып калган мекендештерди Кыргызстанга алып келүү маселесин тез арада чечүү кыйынга туруп жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, көйгөйдү чечүү үчүн ар кайсы мамлекеттердеги Кыргызстандын элчиликтери, консулдуктары иш алып барууда.
"Биз кайсы жерде канча кыргызстандык бар экенинен кабардарбыз. Элчиликтин кызматкерлери аларды мекенге кайтаруу же болбосо ошол жердеги шартын жакшыртуу боюнча аракеттерди көрүп жатышат. Мамлекеттер аралык, керек болсо ички каттамдар токтогонуна байланыштуу бардык маселени тез арада чечип коюу кыйынчылыкка турууда. Ошондуктан кырдаалга туура түшүнүү менен мамиле жасап, чыдап турушуңуздарды суранам", — деди Боронов.
Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу көпчүлүк мамлекеттерде авиакаттамдар токтотулгандыктан Кыргызстанга келе албай кыйналып жаткан мекендештердин катары калыңдаган. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде алардын айрымдары Индия, Россия сыяктуу мамлекеттерден алып келинген. ТИМдин маалыматына караганда, 45 мамлекетте Кыргызстанга кайткысы келген 3800дөй кыргызстандык бар.