Биздин ата-энелер кантип билим алган. Совет доорунда тартылган 18 сүрөт

Sputnik

8-апрелден тарта Кыргызстанда мектеп окуучуларын дистанттык формада окутуу баштады. Ошондон бери көптөгөн ата-энелер социалдык тармактагы баракчаларына теленин же компьютердин алдында отурган балдарынын сүрөттөрүн жүктөп, ар кандай пикирлерин жазып келишет.

Бүгүн дистанттык окуу башталды. Балага иш ордун кантип даярдап берүү керек
Белгилей кетсек, окуучуларды дистанттык окутууда кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса, ата-энелер Билим берүү жана илим министрлигинин атайын номерлерине чалып, адистер менен сүйлөшө алат. Номерлер: 0550-512-075; 0550-801-026; 0550-368-784; 0550-513-385; 0557-442-355.

Баса, дистанттык окуу маалында сабактар канча мүнөткө созуларын, баа берүү, үй тапшырма аткаруунун жол-жобосун Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан көрсөңүз болот.

 

1 / 18
Советтик Кыргызстанда окуучулар ракеталардын макеттерин гана жасап тим болбой, инженериянын негиздерин окушкан. 1983-жыл
2 / 18
Совет доорунда педогог эң кадырлуу кесиптердин бири эле. Сүрөттө Сокулук районунун Жал айылындагы орто мектептин мугалими окуучулардын курчоосунда. 1978-жыл
3 / 18
Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки жылдарда билим берүүгө өзгөчө көңул бурулган. Ленин айылындагы мектеп, 1962-жыл.
4 / 18
Советтик билим берүү системасында окуучунун келечектеги кесибин тандоого жардам берүүгө басым жасалган
5 / 18
Кыргыз эл акыны Муса Жангазиев окуучулар менен
6 / 18
Советтер Союзу окуучуларды патриоттук духта кичинесинен тарбиялоону туура көргөн
7 / 18
Окуучулар Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган музейде. 1981-жыл
8 / 18
1926-жылы СССР элинин 50 гана пайызы сабаттуу болсо, 1955-жылы жашы жеткен жарандардын 100 пайызынын кат-сабаты жоюлган. Кемин районундагы мектеп, 1976-жыл.
9 / 18
Ал учурда мектептен тышкары билим берүү дагы чоң мааниге ээ болчу. Окуучулар агрономдордун жетишкендиктери менен таанышууда. 1960-жыл
10 / 18
Советтер Союзу учурунда сабактан тышкары акысыз ийримдер көп болчу. 1971-жыл
11 / 18
Мектепке бара жаткан окуучулар. Жалал-Абад, 1967-жыл
12 / 18
Бала бакчанын тарбиялануучулары
13 / 18
Электр приборунун түзүлүшүн карап жаткан окуучу кыздар
14 / 18
Окуучуларды эмгекке үндөп, нандын баа-баркын түшүндүрүп жаткан мугалим
15 / 18
Мектептеги математика сабагы
16 / 18
Советтер Союзунун экзамендик системасы дүйнөдөгү эң мыкты система болуп эсептелген
17 / 18
Кечки мектептин окуучулары ботаника сабагында. Согуш жылдарынан кийин айыл чарбасын калыбына келтирүүгө көп эмгек жумшалган.
18 / 18
Мугалим менен окуучулар "Кыргызстан пионери" гезитин окуп жатат