COVID-19 жуккан британ премьери Борис Жонсон ооруканадан чыкты

Учурда ал шаардын сыртындагы резиденциясында медиктердин көзөмөлүндө. Дарыгерлер анын ишке чыкпай турушун айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. – Sputnik. COVID-19 жуктурган британ премьери Борис Жонсон ооруканадан чыгып, учурда шаардын сыртындагы резиденциясына келди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Премьер-министр ооруканадан чыкты, азыр абалы күн санап жакшырууда, учурда Чекерсте турат. Дарыгерлер анын ишке чыкпай турушун айтышты. Жонсон саламаттыгына кам көргөн St Thomas Hospital жайына ыраазылыгын билдирди. Ооруп калгандарга тынчсызданып, аларды ойлоп жатат", - деп айтылган премьердин канцеляриясы тараткан маалыматта.

Песков коронавирус Путиндин жашоосун кантип өзгөрткөнүн айтып берди
Жонсондун COVID-19ду жуктуруп алганы коомчулукка 27-мартта маалым болгон. Анда оорунун жеңил түрү болгондуктан обочолонгон жайда ишин улантары айтылган. Бирок 6-апрель күнү абалы оорлошуп, реанимацияга жаткырылганы белгилүү болгон. 

Буга чейин ханзаада Чарльздын да COVID-19 илдетине кабылганы айтылган. Андан вирустун жеңил эле белгилери байкалып, абалы жакшы экени маалымдалган.