Каратаев: үй карантининин убактысы өзгөргөн жок, 14 күнгө созулат

Журналисттер министрликтин өкүлүнөн айрым адистер үй карантини 14 күнгө эмес, 20 күн созулат дегенин айтып, маалыматты такташкан.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Үй карантини Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу менен 14 күнгө гана созулат, андан ашык болбойт. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Брифинг учурунда модератор Каратаевге журналисттер тарабынан берилген суроону узаткан. Анда "Үй карантини канча күнгө созулушу керек? Буга чейин 14 күн деп айтылып келген, айрым адистер 20 күн деп айтышууда" делген.

"Адистердин дагы оюн угуп коюу керек. Бирок бизде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бар. Ага Кыргызстан дагы мүчө. Ошол уюмдун сунушу боюнча 14 күн деп берилген. Биз ошол 14 күндү сакташыбыз керек, андан ашык болбойт", — деди Каратаев.

КРдеги коронавирус: 9 кишинин абалы оор, бешөө реанимацияда
Кыргызстанда бир суткада 41 кишиден коронавирус чыгып, вирус аныкталган адамдардын жалпы саны 339 болду. Арасынан беш киши каза таап, 44 киши сакайды. Тилекке каршы, 51 медицина кызматкери COVID-19 менен күрөшүп жатат.

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Мындан тышкары, кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.