КРдеги коронавирус: 9 кишинин абалы оор, бешөө реанимацияда

Кыргызстанда бир суткада 41 кишиден коронавирус чыгып, жалпы жонунан вирус аныкталган адамдардын саны 339 болду.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстанда стационардык жайларда коронавирус жуктурган 290 киши жатат, алардын арасындагы тогуз кишинин абалы оор, бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Өлкө боюнча дагы 12 медицина кызматкери COVID-19 жуктуруп алды
Кыргызстанда бир суткада 41 кишиден коронавирус чыгып, жалпы жонунан вирус аныкталган адамдардын саны 339 болду. Арасынан беш киши каза таап, 44 киши сакайды. Тилекке каршы, 51 медицина кызматкери COVID-19 менен күрөшүп жатат.

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Мындан тышкары, кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.