COVID-19 жуктурган ак халатчандардын саны 39га жетти. Көбү Ошто

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, бир суткада Чүйдө бир медик, Бишкекте төрт медперсонал коронавируска кабылды.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы беш медицина кызматкеринен коронавирус аныкталып, ага чалдыккан ак халатчандардын саны 39га жетти. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бир суткада Чүйдө бир медик, Бишкектен төрттөө коронавируска кабылды.

10-апрелге карата Кыргызстанда коронавируска кабылган дарыгерлердин саны 39га жетип, алар төмөнкү аймактарда катталды.

  • Бишкекте — 8;
  • Чүйдө — 1;
  • Ош облусунда — 21;
  • Жалал-Абад облусунда — 8;
  • Баткен облусунда — 1.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жетти. Анын бешөө көз жумду.

Учурда өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.