Кыргызстанда дагы 18 кишиден коронавирус чыкты. Жалпы саны 298ге жетти

Азыр коронавирустан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, ошондой эле Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал режими иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 18 кишиден коронавирус аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, катталгандардын жетөө аял, 11и эркек киши. 

"Бишкек шаарында алтоо, Чүй облусунда сегиз киши, Жалал-Абад облусунда үчөө, Ысык-Көлдө бир киши катталды. Арасында беш медицина кызматкери бар", — деди министр.

Учурда өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.