200 миң сом. COVID-19 жуктурган медиктерге берилчү компенсация такталды

Бороновдун айтымында, эгер коронавирус жуктуруп алган медик каза болуп калса, жакындарына бир миллион сом компенсация чегерилет. Азыркы учурда дарыгерлерге жана медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр берилүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Эгер медициналык кызматкер коронавирусту кызматтык милдетти аткарып жатып жугузуп алса, ага 200 миң сом компенсация берилет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов ыкчам штабдын жыйынында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бороновдун айтымында, эгер коронавирус жуктуруп алган медик каза болуп калса, үй-бүлөсүнө бир миллион сом каралган. Азыркы учурда дарыгерлерге жана медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр берилүүдө.

Жыйында негизги маселе катары медициналык кызматкерлерди коргонуучу костюмдар жана жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоо маселеси турду.

"Түзүлгөн жагдай штаб тарабынан да, жарандык коомдун да нааразычылыгын жаратпай койбойт. Биз бул маселени тыкыр иликтеп, тобокелдик зонасында иштеген ар бир дарыгер коргоочу кийим менен камсыз болушун көзөмөлдөйбүз", — деди Боронов.

Мындан тышкары, биринчи вице-премьер аймактардагы тармактык органдарга пенсияларды үйлөргө өз убагында жеткирүү тапшырмасын берди.

Абылгазиев: коронавирус менен күрөшүүдө ушул жана кийинки жума эң маанилүү
Буга чейин ыкчам штаб COVID-19 жуктуруп алган дарыгерлерге төлөнчү компенсациянын суммасын айтып, бир аздан кийин сумма тактала электигин билдирген болчу. Мындан улам ЖМКларда жана коомчулукта нааразычылык жаралган.

Эске салсак, КРде коронавирус менен 39 медик алпурушууда. Бул вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жетти.

Учурда өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.