Бишкекте коменданттык саат учурунда терминал уурдалды

Кылмышкерлер изин суутуп кеткен. Бирок алар камерага түшүп калган. Борбор калаанын коменданты шектүүлөрдүн кармалган-кармалбаганын тактаган жок.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев коменданттык саат учурунда 1500 долларлык терминал уурдалганын билдирди.

Буга чейин соцтармактар менен ЖМКларда уурулук тууралуу маалымат тараган болчу.

Москвада чыккан өрттөн карыяларды сактап калган мигранттар. Видео
Орозалиевдин айтымында, 6-апрель күнү саат 02:10до Абдрахманов көчөсүндөгү терминалды белгисиз адамдар көтөрүп кетишкен. Жабдуунун ичинде 61 500 сом болгон.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жетти. Анын бешөө көз жумду.

Учурда өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.