ЖК аппаратынын мурдагы жетекчиси Самат Ибраев депутат болуп келди

Буга чейин ТЭЦ модернизациясына байланыштуу кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп табылган Осмонбек Артыкбаев депутаттык мандатынан ажыратылган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Самат Ибраев Социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Ибраев 1965-жылы 25-февралда Ош облусунун Араван районунда төрөлгөн. 2015-жылы парламенттин депутаты болуп, андан кийин ЖКнын аппарат жетекчиси кызматын аркалаган. Ушул жылдын 23-мартында өз каалоосу менен жумуштан бошотулган. Парламентке чейин жеке компанияларды башкарган. Ошондой эле "Саякбай манасчы" эл аралык фондунун президенти болуп саналат.

Буга чейин ТЭЦ модернизациясына байланыштуу кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп табылган Осмонбек Артыкбаев Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатынан ажыратылган болчу. Самат Ибраев анын ордуна келди.