Медиктерди камсыздагыла! Жээнбеков министр Абдикаримовду кабыл алды

Жээнбеков бул татаал мезгилде медицина кызматкерлеринин өзгөчө ордун белгилеп, аларга жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө алдыңкы сапта жүргөндөрдүн баарына ыраазылык билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-апрелде, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовду кабыл алып, эпидемиологиялык кырдаалды, коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө чараларын талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жээнбеков бул татаал мезгилде медицина кызматкерлеринин өзгөчө ордун белгилеп, аларга жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө алдыңкы сапта жүргөндөрдүн баарына ыраазылык билдирген.

Президент коронавирус инфекциясын аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча иштерге тартылган бардык медиктерди жеке коргоочу каражаттар менен толук камсыздоо зарылдыгын айткан. Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери мындан ары дагы мамлекеттин өзгөчө камкордугунда болорун баса белгилеген.

"Жээнбеков жалпы республика боюнча, өзгөчө инфекция жугузуп алгандар аныкталган райондордо санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүүгө көңүл бурду", — деп айтылат билдирүүдө.

Абдикаримов жалпы абал боюнча маалымдап, медициналык мекемелердин зарыл болгон дары-дармектер, жеке коргоочу каражаттар жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар менен жабдылышы тууралуу айтып берген.

"Мындан сырткары, коронавирус инфекциясын жуктуруп алган бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн бир катар ооруканалардын кайра профилдештирүүгө даярдыгы жөнүндө маалымдады", — деп айтылат маалыматта.

Чет өлкөлөрдө коронавирус жуктурган 23 кыргызстандык бар. Мамлекеттер
Бишкек шаарында 6-апрелден тарта өзүндө илдет бар деп шектенген жарандарды аралыктан ыкчам диагностикалоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин "118" тынымсыз телефон линиясы иштеп баштагандыгын билдирди.

Мындан ары бул долбоорду өлкөнүн калган региондорунда ишке ашыруу пландаштырылып жатат.

Кыргызстан боюнча өпкөнү сезгентүүчү ооруга кабылгандардын саны 280ге жетти. Анын 147си аял, 133ү эркек. Арасында 34 медик аталган дарт менен алпурушууда.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.