ТИМ: азырынча чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды алып келүү мүмкүн эмес

Министрдин орун басары аэропорттордо жана чек араларда мекенге келе албай жаткан жарандарга элчиликтер, кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар кеңеш берип, жардам көрсөтүп жатканын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды азырынча мекенге алып келүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 42 мамлекетте Кыргызстандын жарандары бар.

Медиктерди камсыздагыла! Жээнбеков министр Абдикаримовду кабыл алды
"ТИМ буга чейин башка өлкөлөргө барбай турууну сунуштап, эскерткен. Тилекке каршы, көп адам сыртка чыгып кеткен. Албетте, алардын арасында чет өлкөдө иштеп жүргөндөр, студенттер же дарыланууга учуп кеткендер бар. Азыркы тапта көп мамлекеттер кыймылга чектөө коюшту. Мындан улам туруктуу жана чартердик авиакаттамдарды уюштуруу азыркы учурда мүмкүн эмес", — деди министрдин орун басары.

Ал аэропорттордо жана чек араларда мекенге келе албай жаткан жарандарга элчиликтер, кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар тарабынан кеңеш жана жардамдар көрсөтүлүп жатканын эскертти.

Кыргызстандагы коронавирус

Ушу тапта өлкөдө вирус аныкталган 280 учур катталды. Анын 35и айыгып чыкса, төртөө көз жумган. Оору менен алпурушуп жаткандардын арасында 34 медик бар.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.