Чет өлкөлөрдө коронавирус жуктурган 23 кыргызстандык бар. Мамлекеттер

АКШда сегиз кыргызстандык жаран коронавирус жуктурууга шектелип, дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Чет өлкөлөрдө коронавирус жуктурган 23 кыргызстандык бар. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев брифинг учурунда билдирди.

  • БАЭ — 3 адам (бирөө айыгып чыккан);
  • Пакистан — 7 адам;
  • Индия — 1 адам;
  • Испания — 1 адам;
  • Малайзия — 4 адам (студенттер);
  • Казакстан — 3 адам;
  • РФ (Екатеринбург) — 4 адам. Экспресс-тест оң натыйжа көрсөткөн, бирок лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгында алардан коронавирус табылган эмес.

Көзөмөлдө болушат! Баткенде обсервациядагы 609 адам үй карантинине чыгарылды
Мындан тышкары, АКШда сегиз кыргызстандык жаран коронавирус жуктурууга шектелип, дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылды. Ушу тапта дүйнөнүн 42 мамлекетинде кыргызстандыктар бар.

Министрдин орун басарынын айтымында, дүйшөмбү күнү Екатеринбургдан чартердик каттам менен 17 кыргызстандык келгенин кошумчалады. 

Андан сырткары, 6-апрель күнү Казакстандан жүк ташып иштеп коронавирус жуктуруп алган үч кыргызстандык алып келинди. Алар дарылануусун Кыргызстандан улантмакчы.

Кыргызстандагы коронавирус

Ушу тапта өлкөдө вирус аныкталган 280 учур катталды. Анын 35 айыгып чыкса, төртөө көз жумган. Оору менен алпурушуп жаткандардын арасында 34 медик бар.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.