Бишкекте катуу шамалдан дарактар кулап, бир нече машинаны басып калды. Сүрөт

Борбор калаанын тургундары катуу шамалдан улам дарак басып калган автоунаалардын сүрөттөрүн соцтармакка жарыялашууда.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаап, катуу шамал болгондуктан борбор калаадагы дарактар кулап калган.

Koroche Telegram-каналына жүктөлгөн сүрөттөрдөн Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн алдында турган бир нече автоунааны дарактар басып калганын көрүүгө болот.

Мындан сырткары, Марс Черикчиев аттуу соцтармак колдонуучусу бир дарак түбү менен кулап, автоунааны басып калган сүрөттү жарыялады.

Ал арада Транспорт жана жолдор министрлиги өлкөнүн көптөгөн аймактарында кар жаап, ал эми ашууларда кардын калыңдыгы 20-25 сантиметрге жеткенин кабарлап, айдоочуларга эскертүү берди.

Тиешелүү кызматтар тарабынан жолдорду тазалоо жана кум, туз себүү иштери жүрүп жатканы айтылат.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.