Көзөмөлдө болушат! Баткенде обсервациядагы 609 адам үй карантинине чыгарылды

Аларга үй карантининин эрежелери түшүндүрүлгөн. Обсервациядан чыккандар тийиштүү кызматкерлердин көзөмөлүндө болушат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Баткен облусунда 609 адам обсервациядан үй карантинине чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, аларга үй карантининин эрежелери түшүндүрүлгөн. Обсервациядан чыккандар тийиштүү кызматкерлердин көзөмөлүндө болушат.

"Учурда обсервацияда 337 жаран, ал эми изолятордо 82 жаран бар. Алар үчүн ӨКМдин облустук башкармалыгы жана Улуттук Кызыл ай коому тарабынан керектүү шарттар түзүлүп, ысык тамак берилүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Дүрбөлөңгө түшпөңүздөр! Министр коронавирус жуктурган медиктерге кайрылды
Эске салсак, Баткенде төрт киши коронавирус жуктуруп алган.

Кыргызстан боюнча өпкөнү сезгентүүчү ооруга кабылгандардын саны 280ге жетти. Анын 147си аял, 133ү эркек. Арасында 34 медик аталган дарт менен алпурушууда.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.