Ош коменданты: өзүнө "тазамын" деп анализ чыгаргандарды колун кайрып алып келдик

Бүгүнкү күндө COVID-19 жуктургандардын саны Ош шаарында 33, облуста 97 адамга жетти. Алардын арасында каза болгондор да, айыгып чыккандар да бар.
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Ошто милиция коронавирус жуктурууга шектелсе да жашырып жүргөн жарандарды күчкө салып алып келип жатат. Бул туурасында Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, кээ бир адамдар "менде оорунун симптомдору жок" деп обсервацияга жатуудан баш тартууда. 

“Келгиле, ушунча болду, бул жагынан да бир муштум болуп жапа тырмак күрөшөлү. Айрыкча вирус жуккандар менен байланышта болгондор керек болсо өз демилгеңер менен көрүнүп кеткиле. Кечээ бир райондо “биз таза элебиз, ден соолугубуз жакшы" деп өзүнө-өзү анализ чыгаргандарды, ачык эле айтайын, колун кайрып алып келдик. Анткени аларды жөн койсо “жакшымын” деп жүрө берип башкаларга жугузат”,  — деди Нурдинов.

Ошондой эле ал жарандар карантин эрежелерин толугу менен сактап үйдөн чыкпай турса, вирус жуктургандар менен байланышта болгондор обсервацияга алынып, оорунун жайылышына бөгөт коюларын эскертти.

Эске салсак, бүгүнкү күндө COVID-19 жуктургандардын саны Ош шаарында 33 жана облусунда 97 адамга жетти. Алардын арасында каза болгондор да, айыгып чыккандар да бар.

Коронавирустун кесепети

Министр жаңылган. Жалал-Абад эмес, Ош шаарындагы оорукана жабылат
Бир суткада Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 270ке жетти. Анын ичинен 35и айыгып, тилекке каршы, төрт адам каза болуп калды.  Ошондой 32 медиктин дагы коронавируска чалдыкканы маалым.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот