Өкмөт коммуналдык кызмат акысын 3 айга чейин төлөбөй турууга уруксат берди

Буга чейин өкмөт коммуналдык төлөмдөр өз убагында аткарылбай калса, өчүрбөй турууну сунуштаган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу коммуналдык кызматтарды үч айга чейин төлөбөй турууга уруксат берилди. Бул туурасында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт коммуналдык төлөмдөр өз убагында аткарылбай калса, өчүрбөй турууну сунуштаган болчу

"Жалпы элге үч айга чейин коммуналдык кызматтардын баарын өчүрбөө жагы каралды. Эч кандай туумдар кошулбайт. Төлөй албай калышса, бир да кызматкер барып өчүрүп кетпейт", — деди Боронов.

Коронавирустун кесепети

Бишкектеги коммуналдык кызматтар учурда кандай иштөөдө. Телефондору, графиги
Бир суткада Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 270ке жетти. Анын ичинен 35и айыгып, тилекке каршы, төрт адам каза болуп калды. Ошондой эле 32 медик дагы коронавируска чалдыкканы маалым.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот