Жашы өтүп калган ата-энеге карантинде кантип кам көрүү керек? Кеңештер

Дарыгер улгайган ата-энеси менен чогуу жана өзүнчө жашагандар үчүн кеңеш берди. Адистин айтымында, кары адамдарга азык-түлүк алып берип коюу жетишсиз, башка эрежелерди дагы сактоо зарыл.
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Россиялык дарыгер Надежда Рунихина карантин учурунда карыган ата-энеге кантип кам көрүү керектигин айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Дарыгер белгилегендей, улуу курактагыларга кальций жана D витаминине бай болгон азыктарды алып берүү керек. Ошондой эле алар сыртка чыгып эл менен байланышта болбой, үйдө санаасыз отурушу үчүн жетиштүү азык-түлүк, керектүү дары-дармегин камдап коюу зарыл.

Чын жүрөктөн ой бөлүшкүм келди. Билим берүү министри ата-энелерге кат жолдоду
Мындан сырткары, эң маанилүүсү, улгайган адамдарды эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоого, үйдө ары-бери басууга көндүрүү керек. Бул нерсе алардын ден соолугун бекемдейт.

Карыган ата-энеси менен чогуу жашагандарга гигиенаны сактоо сунушталат. Эгер өзүнчө жашашса азык-түлүк алып барганда кучакташпай, 1,5 метрлик дистанцияны сактоо зарыл.

Пенсионер үчүн үйдөгү абал дагы маанилүү. Полдун бекемдигин текшерип, чалынып жыгылта турган килем, паластарды жана башка тоскоолдуктарды алып салуу керек.