ИИМ: Ноокатта соңку күндөрү коменданттык саатты эч ким бузган жок

Түндө коменданттык сааттын эрежесин эң көп бузгандар Бишкек шаары менен Сузак районунда катталды. Азы Кара-Суу районунда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. 7-апрелдин кечинде жана 8-апрелге караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саат режимин бузган 92 киши кармалды. Ал эми унаалар токтотулбаганын ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, коменданттык сааттын эрежесин Бишкек шаарында 58, Ош шаарында 5, Жалал-Абад шаарында 12, Сузак районунда 15, Кара-Суу районунда 2 киши сактаган эмес. Ошондой эле өткөн суткаларда да Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

5 жылга камалышы мүмкүн. Ошто COVID-19дун белгилерин жашырган адамга иш козголду
Кармалгандар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, эреже, тартиптерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң үйлөрүнө коё берилген.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 2101 адам кармалган. Анын эрежеси боюнча Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда кечки 8.00дөн эртең мененки саат 7.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.