5 жылга камалышы мүмкүн. Ошто COVID-19дун белгилерин жашырган адамга иш козголду

Комендант ооруга чалдыккан жаран атайылап дарыгерге кайрылбай жүрө берип, башкаларга дагы жугузганын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кечээ Ош облусунда коронавирустун белгилерин бар экенин жашырган адамга кылмыш иши козголду. Бул туурасында Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, ооруга чалдыккан жаран атайылап дарыгерге кайрылбай жүрө берип, башкаларга дагы жугузган.

"Бир жаран өзүнүн ооруганын билип туруп, бирок жашынып жүрө берген. Ал арада тууган-туушкандары, теңтуштары менен байланышкан. Анан ооруй баштаганда текшерсек, ушул илдетке кабылыптыр. Анын досторунан жана иштеген жериндеги адамдардан да вирус табылып калды. Ал жаран учурда обсервацияга жаткырылган. Жакшы болуп чыгары менен камалат. Ага козголгон берене боюнча беш жылга кесилиши мүмкүн", — деди Нурдинов.

Мындан улам комендант эгер кандайдыр бир шек саноо болсо, тез арада дарыгерлерге кайрылуу керектигин эскертти.

Кыргызстандагы коронавирус

Эркектерге гинекологго жолдомо бербегиле. Оштун коменданты дарыгерлерге кайрылды
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 228ге жетти. Анын ичинен төрт киши көз жумуп, 33ү ооруканадан айыгып чыкты. Арасында 16 медик вируска кабылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот