ЖМК: Надежда Бабкина пневмониядан улам комага түшүп калды

Россияда COVID-19 инфекциясын жуктурган 6343 учур катталып, алардын ичинен 47 бейтап каза болуп, 406 адам сакайып кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Белгилүү ырчы Надежда Бабкина пневмониядан улам комада экендигин "Московский комсомолец" жазып чыкты.

Окумуштуулар кургак учукка каршы вакцинанын коронавируска таасирин иликтешти
Бабкинага карата жасалган тестте коронавирус жок экендиги тастыкталганы менен анын клиникалык абалы COVID-19 инфекциясына окшош болуп чыккан. Мындай аныктаманы "МК" басылмасына россиялык саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү булактар билдирген. Ырчыдан жалпы эки тараптуу пневмония дарты аныкталып, ал 1-апрелде токтоосуз ооруканага жаткырылган.

Дарыгерлер Бабкинанын абалы оор, бирок туруктуулук сакталып, оң жакка жылыш бар экенин айтышууда.