Кытайда өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок

Жалпысынан Кытайда COVID-19 вирусуна кабылгандардын саны 82 697 болду, көз жумгандар үч миңден ашат, ал эми сакайгандар жетимиш миңден көп.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кытайдын материк бөлүгүндө өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусунан бир дагы адам каза тапкан жок. Мындай көрсөткүч январда гана болгонун РИА Новости жазды.

Ага ылайык, сутка ичинде 89 киши айыгып, 12 адам вирусту жаңыдан жуктурган.

Иранда COVID-19 жуктурган 100 жана 106 жаштагы эки карыя сакайып кетти
Жалпысынан Кытайда COVID-19 вирусуна кабылгандардын саны 82 697 болду, көз жумгандар — 3 335, ал эми сакайгандар — 77 393. Учурда 200дөн ашуун кишинин абалы оор.

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

7-апрель түшкө чейинки убакытка ылайык, дүйнө боюнча коронавирусту 1 347 892 адам жуктуруп, анын 284 802си вирусту жеңди. Ал эми көз жумгандардын саны 74 808 болду.