Кыргызстан Европа банкынан 150 млн. доллар алуу боюнча сүйлөшүп жатат

Асрандиев ушундай эле сүйлөшүүлөр Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана башка эл аралык финансы уюмдары менен жүрүп жатканын кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр.— Sputnik. Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 150 миллион доллар алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бизнести колдоого каражат издөө иштери активдүү жүрүүдө. Ага эки негизги булак бар. Бири — Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду. Ал жактан 200-250 миллион доллар алуу боюнча макулдашылып жатат. Экинчи булак —донорлор.

"Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 100-150 миллион доллар алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди вице-премьер.

Анын айтымында, бул каражаттын 50 пайызын грант түрүндө алуу пландалууда.

Асрандиев ушундай эле сүйлөшүүлөр Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана башка эл аралык финансы уюмдары менен жүрүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстандагы коронавирус

Асрандиев: ачык айтайын, бекер акча берип, салыктан толук бошото албайбыз
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 228ге жетти. Анын ичинен төрт киши көз жумуп, 33ү ооруканадан айыгып чыкты. Арасында 16 медик вируска кабылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.