Мэр: коронавирус жуктурган бишкектик таксист бала-чакасын да ооруткан

Борбор каалада 25 адам COVID-19 жуктурганы тастыкталып, алар 60тан ашуун жакын тууганы менен байланышта болгону аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкекте иштеген таксист коронавирус жуктуруп, мындан улам үй-бүлө мүчөлөрү дагы ооруга кабылган. Бул туурасында калаа мэри Азиз Суракматов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, борбор каалада 25 адам COVID-19 жуктурганы тастыкталып, алар 60тан ашуун жакын тууганы, 204 кесиптеши, дос-таанышы менен байланышта болгону аныкталган.

"Карантин эрежесин сактабагандардын кесепети кандай болгону туурасында бир-эки мисал келтирип кетейин. Шаарда таксист болуп иштеген киши коронавирус жуктуруп алган. Ошону менен бирге ал жубайына, кызына, күйөө баласына жана эки небересине жуктурганын өзү да билген эмес. Башка үй-бүлөдө бир адам төрт үй-бүлө мүчөсүнө жуктурган. Мындай учурлар көп", — деди Суракматов.

Мындан улам мэр сунушталган эрежелерди так сактоого чакырды.

Кыргызстандагы коронавирус

Ошто чет өлкөдөн коронавирус жуктуруп келген аялдын күйөөсү каза болду
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 228ге жетти. Анын ичинен төрт киши көз жумуп, 33ү ооруканадан айыгып чыкты. Арасында 16 медик вируска кабылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.