Аралыктан иштеген кызматкердин айлыгынын канчасы сакталат? Министрдин жообу

Интернет колдонуучулардын бири министрге "эгер адамды аралыктан иштөөгө которсо, ал ошол эле жумушту иштеп жатса, айлык акысы кыскарабы?"деген суроо узаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Аралыктан иштегендердин айлык акысынын үчтөн эки бөлүгү сакталат. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров брифинг учурунда айтты.

Интернет колдонуучулардын бири министрге "эгер адамды аралыктан иштөөгө которсо, ал ошол эле жумушту иштеп жатса, айлык акысы кыскарабы?"деген суроо узаткан.

"Тилекке каршы, бул кырдаал мыйзамдуулук жагынан бир топ көйгөйдү жаратты. Эмгек кодексинде аралыктан иштөөнү текшерген норма жок. Биз эми өзгөртүү киргизели деп жатабыз. Азыркы Эмгек кодексинде, адашпасам, 172-беренесинде айлык акынын үчтөн эки бөлүгү сакталат деген норма бар", — деди министр.

Андан соң Кочкоровго "эгер өзгөчө абалдан улам ишкердин жумушу токтоп калса, ал штатты кыскартып, кызматкерлерине айлык акы төлөбөй койсо болобу?" деген да суроо узатышкан.

Кочкоров ага да 172-берене менен жооп берди.

"Ал жакта уюм айлыктын үчтөн эки бөлүгүн төлөп бериши керек деп жазылган. Жумуш берген адам чыгымга учурап жатканын жана анын кирешеси жок экенин түшүндүрсө болот. Бирок өкмөт тараптан бизнести колдоого бир катар чаралар көрүлөт деп ойлойм", — деди Кочкоров.

Кыргызстандагы коронавирус

Бала бакча кызматкерлери апрелдин айлыгын алабы? Министрликтин жообу
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 228ге жетти. Анын ичинен төрт киши көз жумуп, 23ү ооруканадан айыгып чыкты. Такталган маалымат боюнча 19 медик вируска кабылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.