БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жазында күндүн жылышы коронавирус инфекциясынын тарашына кандайдыр бир таасирин бере албайт. Мындай пикири менен медицина илимдеринин доктору, профессор Анатолий Альштейн бөлүшкөнүн РИА Новости жазды.
"Менин оюмча, азыркы аба ырайы эпидемияга таасир этип же аны кармап тура албайт", — деген вирусолог.
Альштейн белгилегендей, эшиктин жылуу боло башташы коронавирустун жайылуу темпин азайтып дагы, өтө эле көбөйтүп да жибербейт. Анын айтымында, COVID-19 менен жайдагы аптап күрөшө алышы ыктымал.
"Респиратордук оорулардын эпидемиясы адатта жылдын ысык эмес мезгилдеринде болот. Бирок бул вирус жогорку температурада өлөт дегенди түшүндүрбөйт. Болгону жайында адам организминин вирусту кабыл алуусу төмөндөйт дагы респиратордук ооруларга көп чалдыкпай калат", — деген Альштейн.
Эксперт COVID-19 менен күрөшүү чаралары канчалык катуу жүргүзүлсө, жайылышы ошончолук басаңдай турганын кошумчалаган.