Екатеринбургдан 17 кыргызстандык алып келинди. Алар азыр кайда?

Россия 27-марттан тарта эл аралык каттамдарга чектөө киргизген. Бирок эки өлкө ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, маал-маалы менен жарандар алып келинип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бүгүн, 6-апрелде, Екатеринбургдан 17 кыргызстандык жаран алып келинди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Урал аба жолдорунун" учагы "Манас" эл аралык аэропортуна конгон.

"17 адамдын экөө ИИМдин ооруканасына, үчөө Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылып, 12си обсервацияга алынды", - деп айтылат маалыматта.

Индияда калган 15 кыргызстандык Казакстандын жардамы менен мекенине келди
Россиядан келген учак РФтин 35 жаранын алып кайра Екатеринбургга жөнөп кетти.

Эске салсак, дүйнө боюнча коронавирус тарап жаткандыгына байланыштуу "Манас" аба майданы бир катар авиакомпаниялардын рейстерин убактылуу токтоткон. Жумасына бир жолу учуп туруу чечими кабыл алынган, бирок кийин ал дагы токтоп калган.

Ал эми Россия 27-марттан тарта эл аралык каттамдарга чектөө киргизген. Бирок эки өлкө ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, маал-маалы менен жарандар алып келинип жатат.