Кыргызстанда коронавирус аныкталган дагы эки киши кайтыш болду

Ушуну менен каза болгондордун саны төрткө жетти. Ал эми бүгүн коронавирус жуктуруп алган дагы 69 адам катталып, жалпысынан 42 кишинин сакайганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы эки адам көз жумду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, эки бейтап кечээ, 5-апрелде, каза болгон.

"Көз жумган бейтаптар ооруканада коронавирустан дарыланып жатышкан. Абалдары буга чейин оор болчу", — деди министр.

Ал эми Республикалык штаб көз жумган бейтаптар Оштон экенин айтты.

Ушуну менен коронавирус аныкталып көз жумгандардын саны төрткө жетти. Бүгүн дагы жаңы 69 учур катталганы айтылып, жалпы жонунан 42 киши сакайып чыкканы кабарланды.