Кезинде "испанка" дартынан айыккан 104 жаштагы кемпир коронавирусту да жеңди

Ада Зануссо 1918-жылы "испанка" деп аталган илдетке кабылып айыккан. Убагында бул дарттан 50 миллиондой адам көз жумган. Ада коронавирусту карылар үйүнөн жуктуруп алган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Италиянын 104 жаштагы тургуну коронавирустан айыкты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Кыргызстанда 33 адам коронавирустан сакайды
​Ада Зануссо COVID-19 вирусун жеңген дүйнөдөгү эң улгайган адам аталды. Ал коронавирусту 17-мартта карылар үйүнөн жуктуруп, ооруканага жеткирилгенде калтырап, кусуп жаткан. Абалынын оор экендигине карабай, улгайган аял бул вирусту жеңип чыкты.

1918-жылы "испанка" пандемиясы болуп, бул илдеттен Ада дагы жабыркаганы айтылат. Бирок ал оорудан айыгып чыккан. Убагында "испанка" вирусу 50 миллионго чукул адамдын өмүрүн алган.

Эске салсак, Италияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 128 миңден ашып, 15 миңдей адам көз жумду.