Коронавирус: Ноокатта көз жумган кишини акыркы сапарга 10дой адам узатты

Каза болгон 80 жаштагы бейтап буга чейин Ноокат районунун Гүлистан айыл өкмөтүндө жашачу. Ушуну менен коронавирус аныкталып көз жумгандар эки киши болду.
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус аныкталып көз жумган 80 жаштагы бейтаптын сөөгү кечээ жерге берилди. Бул тууралуу Ош облустук штабдын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, каза болгон бейтап эркек киши болчу. Ал буга чейин Ноокат районундагы Гүлистан айыл өкмөтүндө жашачу.

"Маркумдун сөөгү кечээ, 4-апрель күнү, жерге берилди. Аны туугандары жана жергиликтүү бийликтен жалпы 10дон ашпаган адам акыркы сапарга узатты. Ислам дининдеги салттык үрп-адат сакталып, жууп-кепиндөө иштерин дарыгерлер жүргүзгөн. Милиция кызматкерлери тарабынан коопсуздук чаралары көрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектеги үч киши COVID-19ду кайдан жуктурганы айтылды
Ушуну менен коронавирус жуктуруп алып каза тапкан кыргызстандыктардын саны экиге жетти. 2-апрель күнү ушул эле Ноокаттын ооруканасында COVID-19 аныкталган 61 жаштагы бейтап көз жумган. Анын кант диабети оорусу бар экени айтылган болчу.

Жалпысынан Кыргызстанда 147 адам коронавирус жуктуруп, анын 9у сакайды. Вирус аныкталган бейтаптардын арасында тогуз дарыгер бар.

Өлкө аймагында ушу тапта эмне болуп жатканын тексттик баяндамадан билсеңиз болот.