Бишкек коменданты: жасалма өткөрмө кагаз менен жүргөн 26 учур аныкталды

Коменданттын айтымында, соңку суткаларда өткөрмө кагазды электрондук түрдө алууга 1468 билдирүү келип түшүп, 72 кишиге берилмей болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Борбор калаада жасалма өткөрмө кагаз менен жүргөн 26 учур катталып, аларга кылмыш иши козголду. Бул туурасында Бишкек коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, соңку суткаларда өткөрмө кагазды электрондук түрдө алууга 1468 билдирүү келип түшүп, 72 кишиге берилмей болгон.

"Ошондой эле жасалма уруксат кагаз менен 26 учур катталды. Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталды", — деди Орозалиев.

Ал ошондой борбор калаада коменданттык саатты бузгандар азайганын белгилеген.