Премьер Абылгазиев Ош менен Жалал-Абад облустарын кыдырып жүрөт

Премьер Ош жана Жалал-Абад облустарындагы санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерип, тамак-аш продуктулары жана күнүмдүк керектелүүчү товарлар сакталуучу кампаларды кыдырат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. – Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өздүк коргонуу каражаттарынан турган гуманитардык жүк жүктөлгөн аскердик учак менен Ош облусуна келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчынын Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп, санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерип, тамак-аш продуктулары жана күнүмдүк керектелүүчү товарлар сакталуучу кампаларды кыдырары айтылды.

Коменданттык саатты 159 киши бузуп, бир нече автоунаа айып короого токтотулду
Андан сырткары, жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышарын кошумчалашты.

Эскерте кетсек, Кыргызстан аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Өлкөдө COVID-19 вирусу менен катталгандардын саны 144 адамга жетти.  Алардын ичинен тогуз дарыгердин ооруну жуктуруп алганы маалым болду.

Ушу тапта өлкө ичинде жана дүйнөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.