БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бүгүн, 4-апрелде, Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан үч бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Алар 24, 25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял.
Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган анализ коронавирустун жок экенин көрсөткөн.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө ушуну менен тогуз адам коронавирустан сакайып кетти.
Коронавирустун кесепети
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүзү ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.
Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.