Коменданттык саатты 159 киши бузуп, бир нече автоунаа айып короого токтотулду

Өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык сааттын эрежесин бузган 1765 адам кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Түндө Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саат эрежесин бузган 159 адам ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, 9 автоунаа айып короого токтотулган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Коменданттык сааттын негизинде Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда кечки саат сегизден эртең мененки саат жетиге чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

Кармалгандарды аймактар боюнча бөлө келгенде төмөнкүчө:

  • Бишкек шаарында – 150,
  • Ош шаарында – 4,
  • Жалал-Абад шаарында – 1,
  • Сузак районунда – 4,
  • Кара-Суу районунда – 1

Ал эми Ноокат районунда эч ким коменданттык сааттын тартибин бузган эмес.

Кармалгандар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң үйлөрүнө коё берилген.

Кайсы облуска кандай жардам берилди? Өкмөттүн маалыматы
Ал эми өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 1765 адам кармалган.

ИИМ элге кайрылып, жогорудагыдай маанайдагы эреже бузуулар болсо, мыйзамдын негизинде жазасын аларын билдирди.

Кыргызстанда коронавирус катталгандан кийин оорунун таралышын алдын алуу боюнча өлкөнүн бир нече аймактарында өзгөчө кырдаал, андан соң өзгөчө абал 15-апрелге чейин киргизилген.

Кыргызстандагы COVID-19дун таралышы жана өзгөчө кырдаал боюнча маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окуп турсаңыз болот.