Эркектерге гинекологго жолдомо бербегиле. Оштун коменданты дарыгерлерге кайрылды

Блокпосттон өтүп бараткан киши сыркоолоп жаткандыгын айтып, дарыгер ага ооруканага барууга жазып берген кагазын көрсөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. – Sputnik. Райондук дарыгерлерге жолдомо берип жатканда, жакшылап карап жазып бергиле деп кайрылайын дедим эле. Кечээ биздин кызматкерлер гинекологго жазылган жолдомо менен шаарга кирип келе жаткан эркек кишини кармашты. Бул тууралуу Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов түз эфир учурунда айтты.

"Кечээ постто тургандар шаарга кирип келе жаткандарды текшерип, бир фактыны аныкташты. Ал "ооруп жатам, дарыгердин берген кагазы бар" деп тартип сакчыларга көрсөтүптүр. Текшере келгенде эркек кишиге берилген жолдомо гинекологго жазылган болуп чыкты. Андыктан, дарыгерлерге айтарым, мындай кагаздарды жакшылап карап, анан жазып бергиле", - деди Нурдинов.

Оштун коменданты Нурдинов: биздин райондорго келбегиле
Ал дарыгерлерге "карантинди биринчилерден болуп силер сакташыңар керек",- деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, Кыргызстан аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. Андыктан бул жерлерге башка аймактын жашоочуларынын кириши катуу көзөмөлдө болууда.

Өлкөдө COVID-19 вирусу менен катталгандардын саны 144 адамга жетти. Алардын ичинен тогуз дарыгердин ооруну жуктуруп алганы маалым болду.

Ушу тапта өлкө ичинде жана дүйнөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.