Чек арадан өтө албай калган мекендештер Оренбургдагы мейманканага жайгаштырылды

Азыркы тапта ТИМ менен Кыргызстандын Россиядагы элчилиги мекенге кайтууну каалаган Оренбург облусунун Соль-Илецк районундагы кыргызстандыктарга жардам берүүгө аракет кылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстандын жүзгө жакын жараны Россия менен Казакстандын чек арасынын ачылышына чейин Оренбург облусунун Соль-Илецктеги мейманканаларына жайгаштырылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, азыркы тапта ТИМ менен Кыргызстандын Россиядагы элчилиги мекенге кайтууну каалаган Оренбург облусунун Соль-Илецк районундагы кыргызстандыктарга жардам берүүгө аракет кылууда.

"Учурда 100гө жакын кыргызстандык Соль-Илецк шаарынын мейманканаларына жайгаштырылды. 15ке чукул айдоочу өз каалоосу менен автоунааларында калууда", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстан казак тарапка мекендештерине транзиттик өткөрмө уюштуруп берүү боюнча кайрылган. Бирок Казакстанда өзгөчө абал режиминин жарыяланышы жана оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу коңшу мамлекет баш тартып койгону айтылды.

Беш жылдыздуу мейманканалар карантин мөөнөтүн өткөрүүгө чакырууда
"Казакстанда жарыяланган өзгөчө абал режиминин шартында Россия-Казакстан чек арасын ачуу азырынча мүмкүн эмес", — дешти штабдан.

Эске салсак, коронавируска байланыштуу чет мамлекеттерден бир топ кыргызстандык мекенге кайта албай жатат. Алардын маселеси каралууда. Алсак, 3-апрелде Новосибирск облусунун “Толмачево” эл аралык аэропортунда КРге учуп кетчү 132 кыргызстандыкты жайгаштыруу маселеси чечилди.