Догоев: бардык айыл өкмөттөр документтерди электрондук форматка өткөрөт

Долбоордун максаты — электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү, айыл өкмөтүнүн деңгээлинде башкаруу тутумун автоматташтыруу.
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев брифинг учурунда өлкөнүн бардык айыл өкмөттөрү документтерди электрондук форматка өткөрөрүн айтты.

Ал “Санарип Кыргызстан” концепциясын ишке ашыруу иштери аймактарда дагы улантылып жатканына токтолду.

“Биздин план боюнча 2020-жылдын май айында өлкөнүн бардык айыл өкмөттөрүндө “Санарип аймак” долбоору башталып, жылдын аягына чейин кадимкидей иштеп калышы керек. Бүгүнкү күндө “Санарип аймак” 8 айыл өкмөтүнө пилоттук режимде киргизилген”, — деди Догоев.

Аталган долбоордун максаты — электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү, айыл өкмөтүнүн деңгээлинде башкаруу тутумун автоматташтыруу.