Бишкекте жылуулук эмнеге өчүрүлбөй жатканы боюнча түшүндүрмө

"Бишкек жылуулук тармагы" март айында берилген жылуулук үчүн жарандар адаттагыдан азыраак төлөшөрүн кабарлаган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкекте кечкисин суук болуп жаткандыгына байланыштуу жылуулук өчүрүлбөй жатат. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагынан" билдиришти.

Маалыматка караганда, жакынкы аралыкта мэриянын ыкчам штабында жыйын өтүп, жылуулукту кайсы убакытта өчүрүү маселеси каралат.

Мэриядан билдиришкендей, чет өлкөдөн келгендердин бардыгы обсервацияга жаткырылып жатат. Талап боюнча ал жактагы бөлмөлөр жылуу болушу керек. Ушуга байланыштуу дагы жылуулук өчүрүлгөн жок.

Буга чейин "Бишкек жылуулук тармагы"март айында берилген жылуулук үчүн жарандар адаттагыдан азыраак төлөшөрүн кабарлаган.