Бишкек мэриясы: жылуулук берүүнү 4-апрелден тарта токтотуу пландалууда

Жылуулук сезону 19-мартта бүткөн. Бирок коронавируска байланыштуу жана аба ырайынын өзгөргөнүнөн улам 24-мартта жылуулук кайрадан бериле баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкекте жылуулук берүүнү 4-апрелден тарта токтотуу пландалып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык мэриядан кабарлашты.

Бишкекке кайрадан жылуулук берилмей болду. Себеби
Муниципалитеттен билдиришкендей, чечим кабыл алынган, эми буйрукка мэр Азиз Суракматов кол коюшу керек.

Белгилей кетсек, мэриянын ыкчам штабы коронавирустун жайылышына бөгөт коюу максатында жана аба ырайынын өзгөргөнүнөн улам 24-мартта кайра жылуулук берип баштаган. Сезон 19-мартта бүткөн.

Бүгүн "Бишкек жылуулук тармагы" кечкисин суук болуп жаткандыктан жылуулук өчүрүлбөй жатканын айткан.