Бишкек мэри жылуулукту 4-апрелден тарта өчүрүү боюнча буйрукка кол койду

Негизи жылуулук берүү сезону 19-мартта аяктаган, бирок суук түшкөнүнө байланыштуу беш күндөн кийин кайра бериле баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. 4-апрелге караган түнү Бишкекте жылуулук өчүрүлө баштайт. Калаа мэри Азиз Суракматов тийиштүү буйрукка кол койду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мартта жылуулуктун акчасы кандай эсептелет? "Бишкекжылуулуктун" жообу
Маалыматка караганда, 2019\2020-жылдагы жылуулук берүү сезонун жыйынтыктоо боюнча тийиштүү ишканалардын жетекчилерине тапшырма берилди.

Белгилей кетсек, мэриянын ыкчам штабы коронавирустун жайылышына бөгөт коюу максатында жана аба ырайынын өзгөргөнүнөн улам 24-мартта кайра жылуулук берип баштаган. Сезон 19-мартта бүткөн.

Бүгүн "Бишкек жылуулук тармагы" кечкисин суук болгонуна байланыштуу жылуулук өчүрүлбөй жатканын айткан.