БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Улуттук банк бүгүн, 2-апрель күнү, валюта рыногуна 14,2 миллион доллар сатты. Бул тууралуу башкы банктын сайтына жарыяланды.
Эртең менен долларды сатып алуу баасы 83.8 сом, сатуу 84.5 сом болчу. Кечке жуук курс жогорулады, сатып алуу 84.3 сом болсо, сатуу 85 сомго жетти.
Улуттук банк долларды рынокко кайсы баада сатканы айтылган жок.
Эске салсак, 10-мартта доллардын баасы үч сомго жогорулап, 73 сомду түзгөн. Ошол учурда Улуттук банк долларды 72.9 сомдон сатып жаткан. Ал эми 19-мартта чет элдик валюта кескин көтөрүлүп, бир доллар 85 сом болгон. Бул учурда Улуттук банк долларды рынокко 84.9 сомдон саткан. Кийин америкалык валюта арзандай түштү – 76.5 сом болуп калды. Бирок бир аз убакыттан кийин кайра эле өсө баштады. 24-март күнү бир доллар дээрлик 80 сом болуп турду.
Доллардын кымбатташынын себеби – мунайга болгон баанын төмөндөшү жана Россия рублинин алсыздашы.
Негизи Улуттук банк кырдаалды турукташтыруу үчүн интервенция жасап турат. Бул үчүн алтын валюталык резервди колдонот. Башкы банктын резерви 2,4 миллиард сомду түзөт.
10-марттан бери Улуттук банк 127,9 миллион доллар сатты.