Сузактын акими: эл умрага кетип жатканда вирусту эске албаптырбыз

Учурда Жалал-Абад облусунун Сузак району COVID-19 жуктургандар эң көп чыккан аймак. Соңку маалыматтарда, алардын саны 48 адамга жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Учурда коронавирус эң көп катталган Сузак районунун акими Эрмекбай Омошов жарандар умрага кеткенде бул маселени жетекчи эске албай калгандыгын айтты. Бул туурасында ал түз эфир учурунда билдирди.

Эске салсак, учурда Сузак району COVID-19 жуктургандар эң көп чыккан аймак. Соңку маалыматтарда, алардын саны 48 адамга жетти. Оору башкаларга Сауд Аравиясына кичи ажылыкка барып келгендерден жуккан.

“Башында бир маселени эске албаптырбыз. Турфирмалар аркылуу Сауд Аравиясына көзөмөлсүз кеткендер вирусту алып кирди... Бизге январь айынан баштап эскертүүлөр берилген. Жарандарыбыз Сауд Аравиясына умрага барган мезгилде ал жактан оору катталган эмес эле”, — деди Омошев.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 116га (63 аял, 53 эркек) жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда бешөө айыгып чыккан.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.