Сынактын максаты — мугалимдерге шык берип, мыкты педагогикалык тажрыйбаларды топтоо жана популяризациялоо, педагогдордун маалыматтык-коммуникациялык жана технологиялык компетенциясын жогорулатуу болуп саналат. Бул тууралуу Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын 8-апрелинен баштап балдарды аралыктан окутууну баштайт.
"Баластан" телеканалынан атайын пайдалуу жана таанып-билүүчү программалар көрсөтүлүп турат. Алардын ичинде балдарды мектепке даярдоо боюнча 480 сааттык программа жана башталгыч класстардын окуучулары үчүн видеосабактар бар. 5-9-класстардын окуучулары үчүн "Илим-Билим" ЭлТР, "Пирамида" телеканалдарынан видеосабактар берилет. Мугалимдер 16-марттан тарта окуучулар менен Zoom, Whatsapp, интернет программалары аркылуу байланыш түзүүдө, мессенджерлерден алар видеосабактардын чыгуу убактыларын жана жүгүртмөлөрүн билдирип турушат. Билим берүү жана илим министрлиги бардык окуучулар үчүн электрондук материалдарды иштеп чыкты. Башталгыч класстар үчүн электрондук материалдарды Ibilim порталынан тапса болот, ал эми 5-11-класстарга арналган материалдар "Билим булагы" порталына жүктөлдү. Кырктан ашык аудио жана видеоматериал даярдалган. Педагогдорго мотивация берүү максатында сынак уюштуруп жатабыз. Конкурска бардык жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери катыша алат. Ар бир конкурсант, программага ылайык келген, ырааттуулугу камсыздалган ар бир сабагы 25 мүнөттөн ашпаган, 5тен кем эмес видеосабак бериши шарт. 26-мартта башталган сынак 15-майга чейин уланат", – деди Жусупбекова.
Ал байгелүү орундар үчүн акчалай жана башка кызыктыруучу сыйлыктар, жолдомолор берилерин кошумчалады.