Коронавирус жөнүндө биз билген жана билбеген 10 факты

Жаңы коронавирус буга чейин окумуштуулар калкына маалым болмок тургай, адам баласынын клеткасында да кездешкен эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. – Sputnik. Кыргызстан эле эмес дүйнөнүн башка мамлекеттерине тарап, миңдеген нече адам өмүрүн кыйган коронавирустун жаңы түрү боюнча абдан көп маалыматтар айтылып, видеолор тартылды.

Азырынча анын дабасы табылды деген так кесе маалымат жок. Бул апаат тууралуу биз билген жана билбеген маалыматтарды BBC тизмектеген.

Коронавирус жашообузду өзгөрттү... Нью-Йоркто жашаган кыргыз кыздын маеги
1. Covid-19 жана SARS-CoV-2 экөө таптакыр эки башка түшүнүк. Covid-19 (D - 'disease' – оору, кесел сөзүнүн кыскартылганы) – коронавирустун жаңы түрүн чакырган оору. Ал эми SARS-CoV-2 – вирустун аталышы.

2. CoV – CoronaVirus сөзүнүн кыскартылганы. Вирустар тобу ушинтип аталат жана анын 40ка чукул түрү бар экени айтылып келет. Ал тоголок формасы жана андагы тикенекчелеринен улам күн таажысына окшошуп турат.

3. Жаңы коронавирус деп аталып калганынын (novel же nCoV) себеби бар. Буга чейин окумуштуулар калкына маалым болмок тургай, биздин клеткабызда да кездешкен эмес.

4. Эки миллион жылдык эволюцияда биздин иммундук система буга чейин белгилүү болгон инфекциялар менен күрөшүүгө көнүп, шартташкан. Ал эми жаңы коронавирус организм үчүн күтүүсүз болгондуктан, ага каршылык көрсөтүүдө организм алсыздык кылып калууда. Андыктан тез жугуп жана адамды бир топ кыйнап коюуда.

5. Клеткага кирген вирус дароо өзүнүн өкүмүн жүргүзүп, улам көбөйө баштайт да чынжырча сындуу уланып кете берет. Акырында туруштук бере албаган клетка өлөт да, ал эми жаңы келген "конок" кийинки жашоосун улантат. Тагыраагы, инфекция башкаларга жугуп баштайт.

6. Бул апаат адамга жукканда тамакта жана адамдын жогорку дем алуу жолдорунда тукумдай баштайт. Улам ылдый түшүп отуруп өпкөгө жетет да, аны кагынтып, кабылдап кетүүсүнө алып келет.

7. Ошондуктан оору жуккандагы биринчи белги – жөтөл. Андан соң адамдын эти ысып баштайт.

ДССУ коронавирустан сакайгандардын саны боюнча маалымат берүүсүн токтотту
8. Башкача да болушу мүмкүн. Маселен, Ухань шаарындагы бейтаптар ооруканага келип түшкөндө денесинин температурасы көтөрүлгөн эмес.

9. Инфекцияга чалдыккандар (18 пайызында же ар бир бешинчи кишиде) жөтөлбөй ооруп калган учурлар да болгон. Андай учурда адам кесел экенинен шек санабайт.

10. Биздин соңку фактыбыз, жогоркуларга салыштырмалуу жакшыраак. Адам өлүп жатса, кайдан жакшы болмок эле деген пикир жаралышы мүмкүн. Бирок... адамга жабышып, өмүрүн алгандан соң вирус активдүү болбойт. Тагыраагы, ээсин өлтүргөндөн кийин ал башка кишиге жукпайт. Андыктан адистер вирус мутация болуп, өлүм жараткан формага өтпөйт деп айтып келишет.

Коронавирус жана Кыргызстан

Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 111ге (52си эркек, 59у аял) жетти. Алардын арасында бир жаштан 14 жашка чейинки балдар да бар. Оору Кыргызстанда 18-мартта катталган.