Түндө өлкөдө коменданттык саатты бузган 99 адам, жети автоунаа кармалды

Коменданттык саатты түндө Бишкекте 82 адам бузса, Ноокатта мындай учур катталган эмес. Жети автоунаа айып короого токтотулганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кечээ кечки саат 8ден тарта эртең мененки 7ге чейин өлкө ичинде өзгөчө абал жарыяланган жерлерде коменданттык сааттын эрежесин 99 адам бузду. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Түндө аталган шаар, райондордо коменданттык саатты бузган 99 адам кармалып, милиция бөлүмдөрүнө алып келинген.

Алар:

  • Бишкекте — 82;
  • Ошто — 8;
  • Жалал-Абадда — 3;
  • Сузакта — 4;
  • Кара-Сууда — 2.

Ноокат районунда коменданттык саатты бузган адам болгон эмес.

Андан сырткары, жети автоунаа айып короого токтотулган.

Мыйзам бузгандарга тартип дагы бир ирет түшүндүрүлүп, коменданттык саат аяктаган соң үйлөрүнө кое берилген.

25-марттан бери Кыргызстандын өзгөчө абал жарыяланган жерлеринде коменданттык саатты жалпы 1489 адам бузган.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 116га (63 аял, 53 эркек) жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда бешөө айыгып чыккан.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.