Карантин эрежесин сегиз жолу бузган франциялык жигит кесилип кетти

Францияда кафе, ресторан, кинотеатр, азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн башкасынын баары жабылган. Изоляция режими 15-апрелге чейин киргизилген.
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Франциянын түндүгүндөгү Кале шаарынын 20 жаштагы тургуну карантин режимин сегиз жолу бузгандыгы үчүн эки жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү Voix du Nord гезитине шилтеме берип жазды.

Коронавирус жашообузду өзгөрттү... Нью-Йоркто жашаган кыргыз кыздын маеги
Билдирмеге ылайык, бул жигит шейшемби күнү кечинде кармалып, полицияга алып келинген. Булонь-сюр-Мер шаардык соту аны эки жылга эркинен ажыраткан. Себеби ал коронавирус эпидемиясынан улам Франция бийлигинин кыймылга чектөө койгон чечимин эске албай, карантиндин эрежесин сегиз ирет бузган.

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Франция бийлиги 17-марттан тарта өлкөгө катуу чараларды киргизген. Өлкөдө кафе, ресторан, кинотеатр, азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн башкасынын баары жабык. Францияда изоляция режими 15-апрелге чейин уланат.

Акыркы маалыматтар боюнча, Францияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 52 миңден ашты. 3500дөн ашык адам көз жумган.