Элден 69,5 млн. сом чогулду. Кимдин канча акча которгону жарыяланды

Өлкөдөгү фонддордун бири 10 миллион сом которгон, ал эми жөнөкөй жарандар 300 сомун дагы жөнөтүп, аз болсо да салым кошуу ниетин билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке түшүп жаткан каражаттардын эсебин билип туруу үчүн Республикалык штабдын help.covid.kg сайты ачылды.

Андагы маалыматка ылайык, 69 миллион 479,8 миң сом чогулган. Бул 31-мартка карата алынган статистика, андан кийинки сумма азырынча жайгаштырыла элек. Ошондой эле ким кайсы күнү канча сумма жөнөткөнү да ачык жазылган.

Аны карап коронавирус менен күрөшүүгө жардам иретинде жөнөкөй жарандардан тарта жеке компаниялар, фонддор жана мамлекеттик мекемелерге чейин акча жөнөтүп жатканын билүүгө болот. Айрым мекемелердин кызматкерлери бир күндүк маянасын которгон.

Асрандиев: интернетте убадаланган миллиондордун баары атайын эсепке түшкөн жок
Жогорку Кеңештин депутаттары убадалаган бир айлык маянасы дагы 31-мартта келип түшкөн, анын суммасы 3,9 миллион сом экени белгилүү болду. Мындан сырткары, өлкөдөгү фонддордун бири 10 миллион сом которгону көрсөтүлөт.

Ал эми жөнөкөй жарандар 1000-2000 сом, кээ бирлери 300 сомун дагы жөнөтүп, аз болсо да салым кошуу ниетин билдирген.

Аталган сайтка Финансы министрлиги берген маалыматтар жүктөлүп турат. Чогулган каражаттар тууралуу сайт аркылуу кененирээк тааныша аласыз.

Белгилей кестек, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги атайын эсеп ачкан.

Эсептин номери: 4402011000101373

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 116га (63 аял, 53 эркек) жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда бешөө айыгып чыккан.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 15-апрелге дейре өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.