БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкек комендатурасы "Акун" компаниясынын арызына жооп кайтарды.
Буга чейин компания кызматкерлер жолго коюлган блокпосттордон өтө албай жатканын кабарлап, буга байланыштуу ун чыгаруу токтотулганын маалымдаган.
"Өткөрүү кагазын (пропуск) алуу үчүн тийиштүү документтердин бардыгын бир жума мурда эле бергенбиз. Бирок уруксат кагазын ала алган жокпуз. Ал эми биз берген документтер жоголуп кеткенин комендатурадан айтышты", — деп билдирген "Акун" компаниясы.
Бирок Бишкек комендатурасы компаниянын өкүлдөрүнө жолдон өтүүгө уруксат кагаздары бир нече ирет берилгенин айтып ишендирүүдө.
"Учурда "Акун" ун комбинатынын 31-марттагы арызы боюнча жаңы өткөрмө кагаздары даярдалды. Бирок ушул күнгө чейин аларды алып кетүүгө бир дагы адам келген жок. Өткөрмө кагазы берилбей жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт", — дешти комендатурадан.
Коронавирус Кыргызстанда
Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 116га (63 аял, 53 эркек) жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда бешөө айыгып чыккан.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.
Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.